08.08.2018 12:24

Төрт тажик, бир орус жана бир кыргыз жараны 2 тонна жүзүм менен кармалды

Төрт тажик, бир орус жана бир кыргыз жараны 2 тонна жүзүм менен кармалды

Эки тоннага жакын жүзүмдү өлкөгө аткезчилик жол менен киргизүүгө аракет кылгандар кармалды. Алар жүктү чек аранын көзөмөл бекетинен сырткаркы аймак аркылуу Кыргызстанга киргизүүнү көздөшкөн. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Mercedes-Benz Sprinter» унаасы менен  жүзүмдү уруксат берүүчү кагаздары жок өлкө аймагына киргизүүгө аракет кылып жаткан 4 тажик, 1 орус жана 1 кыргыз жаранын Баткендин Дөбө аймагындагы «Карабак» чек ара тозотунун аскер кызматчылары колго тушүрүштү.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар Баткен облусу боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.